28/03/2026
Дос дегенди кимдер кандай тушунот,
Дос мен учун баа жеткистей корунот.
Кубансам кошо кубанып,
Кайгымды тен болушот.
Достун да турлору коп абыдан,
Бири сенин кыя отпойт алдындан,
Бири болсо бет кап кийип кубулуп,
Кээ бирлери бычак саят артындан.
Досум бар, бет кап кийип кубулбаган,
Байлык деп, мансап учун жулунбаган.
Кыйынчылык башыма тушкон кезде,
Досум деп жарты нанын боло турган.
Досум бар, кыя отпойт эч алдыман,
Жанылсам кеп-кенешин берип турган.
Бир кубанып, бирде тушсо маанайым,
Бир туугандай абалыма конул бурган.
Жай болсо да, кар жаайт кабагыма,
Бир кун эле келбей калса сабагына.
Конул жок ошол куну эч окууга,
Зар боломун келсе деп караанына.
Досум бар, кубанамын ал барына,
Таштап кетпейм, кыйынчылык тушкон кезде башына.
Досум бар, дос кутпоймун андан башка,
Тен го дейм досторумдун ал баарына!🫶🏻🫂